Казакстандын президентинин маалымат катчысы коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 12 миң 694кө жетти. Анын ичинен 1 миң 44 бейтапта илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат. Инфекцияны жуктуруп алгандардын арасында президент Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали дагы бар.

Ал бардык зарыл болгон талаптарды аткарганына карабастан, вирусту жуктуруп алганын, учурда бейтапканада жатканын жана абалы канааттандырарлык экенин билдиргенин казак басылмалары жазышкан

Пресс катчынын айтымында, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев ишин түзүлгөн тартип боюнча уланта берет. Токаев дайым тест тапшырып турат, анын ден соолугуна коркунуч жарата турган эч нерсе жок.

Берик Уали 2019-жылдын март айында маалымат катчы кызматына дайындалган.

Бүгүнкү күнгө карата коңшу өлкөдө коронавирустан жалпы 7 135 адам айыкса, 53 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан