Бүгүн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталганын, бул санитардык эрежелердин сакталбаганынан улам болгонун айткан.
Мындан улам оору аныкталгандар менен чогуу иштеген кызматкерлер үй карантинине жана обсервацияга алынган.
Ал эми аталган бөлүмдө иштеп үй карантининде жаткан медайымдын айтуусу боюнча вирус кимден жукканы азырынча белгисиз.
"Кесиптештерим вирусту кимден жуктуруп алганы дагы деле белгилүү боло элек. Буга чейин коронавирус жуктуруп алган адам менен катнашта болгон келин көз жарган, бирок анын анализдеринин жыйынтыгы коронавирус жок экенин көрсөткөн. Бизге бардык шарттар жогорку деңгээлде түзүлгөн дегенден алысмын", - дейт медайым.