Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан Арка-2 айылында беш жашар бала каналга түшүп чарчап калганы буга чейин кабарланган. Кийинчерээк маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова да тастыктап, "ок атышуу маалында 2016-жылы төрөлгөн Абидин Турсунбаев каналга түшүп кетип каза болгон" деп билдирген.
Окуяга байланыштуу SUPER.KG порталы чарчап калган бала Абидин Турсунбаевдин апасы Динара Исабай кызы менен маектешти. Баланын апасынын айтымында, ал баласы сууга аккан учурда анын жанында болгон эмес. Баласынан айрылып, кан жутуп турган эне окуянын чоо-жайын баяндады.
- Кайрат кылыңыз, бала жоготуу баарынан оор. 5 жаштагы Абидин апасы менен кошо тажик тараптын огунан качып баратып каналга түшүп кеткени айтылып жатат. Бала көз алдыңызда эле каналга түшүп кеттиби, окуянын чоо-жайы кандай болду эле?
- Негизи так маалыматты айтып берүүгө аракет кылып келе жатам. Бирок көп маалыматтар туура эмес чыгып жатат. Ал маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз саат 19:00 чамасында күйөөм экөөбүз жумушта отурганбыз. Ал жакта иштеп жатканыбызда, жумушка чейин эле "тажиктер бир нерсеге даярданып атыптыр, эмне кылабыз" деген өңдүү ар кандай кабарлар эл арасында айтылып жаткан. Анан биз эч нерсени капарга албастан, кадимкидей эле иштеп жатканбыз. Анан кечки саат 19:00 чамасында жумушка кайын эжем "балаңар агып кетти" деп айтып, ыйлап келип калды. Угуп эле күйөөм экөөбүз каналдын боюна барсак, кайын эжемдин күйөөсү баламды каналдан алып чыгып жатыптыр. Анда бала каналга агып, суунун бетине калкып чыгып калган экен.
Ал жерден баламды кагып, сууларын силкип болушунча жардамды көрсөттүк. Анан эле "Тез жардам" кызматына чалып, кабарладык. Бирок биз аларды күтпөй эле баланы унаага салып, оорукананы көздөй жөнөп жатсак жолдон "Тез жардам" унаасы чыгып калды. Ошентип кайра баланы "Тез жардам" унаасына салып, Достук ооруканасына бардык. Ал жактан да балама баардык жардамдар көрсөтүлүп, асма укол сайылды, массаж жасалды жана буттарына ысык сууларды коюп жаттык. Достук ооруканасында жетиштүү кызматтар жок экен. Кулунду ооруканасындагы дарыгерге чалышып, анын көрсөтмөсү менен жардамдар көрсөтүлгөнү менен жыйынтык болбой жатты. Ошол учурда баланын колунда пульсу болгону менен анын жүрөгү сокпой жаткан экен. Бирок пульс улам көтөрүлүп, түшүп жатты. Анан эле врач "Исфанадагы Кулунду ооруканасына алып баргыла" деп буйрук берди. Биз "Тез жардам" унаасы менен жөнөп кеттик. Анда да балага жасалма дем алдырып жаттык. Биз ал жакка бара жатып, бир айылдан токтоп калдык.
Ошол убакта Максат тараптан унаалар улам-улам кайтып, элдер качып жатты. Анан бирөөсү ал жакта атышуу болуп жатканын айтып, артка кайткыла деди. Биз тоо тараптан айланып, Исфана жакка бармай болдук. Бирок жасалма аппарат ага жарабагандыктан, кайра Достук ооруканасына келдик, бир саат ошол жерде баланын өмүрү менен алыштык. Дарыгерлер деле колдон келген жардамын кылып жатты. Анан эле бирөөсү "балада пульс болгону менен жүрөк сокпой жатат, үмүтүңөрдү үзгүлө" деп айтты. Бизди ыза кылганы жолдон өтө албай калганыбыз. Эгер жолдон өткөнүбүздө, баланы сактап калмакпыз деп ойлойм.
- Ок атышуу болот деген күбүр-шыбыр кептер болгон деп айтып калдыңыз. Айтсаңыз, сиздер баланы суудан чыгарып жатканда абал кандай эле, ок атылып жатты беле?
- Негизи балам акканга чейин эч кандай ок атышуу болгон эмес. Бирок эл дүрбөп жөнөгөнү жөнөп жаткан экен, биз аны байкабай калыптырбыз. Достук ооруканасынан үмүтүңөрдү үзгүлө деп айтканынан колубузга балабызды кармап, Достуктун үстүндө канал бар болчу, ошол жакты көздөй келсек, ал жерге эл чогулуп, унааларга отуруп жөнөп башташыптыр. Ошентип баламдын муздаган денесин колума кармап ошол боюнча тоону көздөй жөнөп кеттик.
- Балаңыз сууга акканга чейин бала бакчадан келди беле же ал күнү бала бакчага барган эмес беле? Негизи баланы үйдө ким карачу?
- Ооба, балам бала бакчадан саат 5терде келген. Ал иниси менен канал жакка самокат тээп барган. Кичүү баламдын айтымында, балам каналга барып, сууга таш ыргытып ойногон экен.
- Бала агып, биз аны суудан чыгарганда деле ок атышуу болгон эмес деп калдыңыз. Анда ок атышуу болжолдуу канчаларда башталды?
- Ойноп атып каналга түшүп кетсе деле баламдын өлүмү ушул жаңжалга аралаш болуп калды. Бала агып, биз суудан чыгарганда деле ок атышуу болгон эмес. Балким, ок атышуу 8дерде башталды, ал жагын так айта албайм.
- Ошол күнү баланы караган эч ким жок беле?
- Балдарды караган адамдар бар эле, ошол учурда үйгө дааватчылар келген экен. Кайын энем дааватчылар менен болуп калган. Кайын эжем дүкөндөн бир нерселерди ала келейин деп үйдөн чыкса, жолдон кичүү баламдын ыйлап келе жатканын көрүптүр. Эмне болгонун сураса, "Абидин сууга агып кетти" деп айтыптыр.
- Кичүү балаңыз канча жашта, негизи канча балаңыз бар?
- Кичүү балам 3 жарым жашта, улуусу Абидин июлда 5 жашка толмок. Бирок мен эне катары баламдын ажалын ошол суудан деп кабылдадым. Ага ок атышуу деле түрткү болгон жок. Болгону биз убагында жардам бере албай, ооруканага жете албай, жолдон өтө албай калганыбыз арман болуп турат. Мүмкүн жолдон өтүп, Кулунду ооруканасына жеткенде башкача болуп, балам жашап калмак беле, аны да айта албайм.
Негизи көп маалыматтар туура эмес тарап кетиптир. Кээ бир маалымат булактарда кызы бар деген да маалыматтар айтылыптыр. Бирок менин эки эле уулум бар. Улуусу Абидин анан андан кичүү Элхан деген уулум бар.
- Окуя болгон күнү жумушта элек деп айтып жатасыз, эмне жумуш кыласыздар?
- Биз негизи дүкөн иштетебиз. Жолдошум экөөбүз таң эрте балдарды бакчага таштап, ишке келип анан кечинде үйгө барчубуз. Кечинде бакчадан баламды кайын атам алып, экөөнү кайын атам менен кайын энем карап турушчу.
Ал күнү балам бакчадан үйгө келип, кийимдерин алмаштырып, жолго ойногону чыгышкан экен. Алар күндө эле ойногону чыгышат, бирок жолдун ылдый жагына бара бербейт эле. Анткени ал жак абдан кооптуу болчу. Башка балдар да каналга түшүп кеткен учурлар катталган.