АКШнын ондогон жарандары жана бир нече компаниялары коронавирус инфекциясын жайылткан деп Кытайды сотко берүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, АКШ жарандары Кытай бийлиги вирусту жок кылуу үчүн жетиштүү чара көрүшкөн эмес жана Ухандагы окуяны жашырууга аракет кылышкан деп сотко кайрылышкан. Бул иш боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда Кытай расмий айыптоодо турган жалгыз мамлекет.
Буга чейин АКШнын Миссури штатынын башкы прокурору Эрик Шмитт Кытайга каршы сот ишин козгогон. Прокурордун айтымында, Кытай өкмөтү коронавирустун зыяндуулугу жана жугуштуу мүнөзү жөнүндө бүткүл дүйнөгө жалган айтып, күбөлөрдүн оозун жапкан жана инфекциянын жайылышын токтотууга анча деле аракет кылган эмес.
Март айында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирусту жашырган деп айыптап, компенсация талап кыларын айткан. Буга Кытайдын тышкы иштер министрлиги жооп берген.
АКШ коронавирус инфекциясы катталгандардын ичинен дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1 миллион 329 миң 260 адамдан инфекция аныкталды. 79 миң 528 адам каза болсо, 216 миң 169 бейтап айыгып чыкты.