Кыргыздарды «сасык» деген жаран кармалып, элден кечирим сурады

"Кыргыз өлкөсү жана анда жашагандар сасыктар" деген жаран кармалып, туура эмес кылгандыгы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"11-апрелде социалдык тармактарга белгисиз аял кишинин «Кыргыз өлкөсү жана анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө мен Кыргыз мамлекетинен кетем» деген жаман сөздөр менен коштолгон видеосу тараган. Көп өтпөй ошол эле аял киши анын баракчасына жазылган комментарийлерге «мени менен ишиңер болбосун жана силер да өз ишиңерди кылгыла» деген сыяктуу кайрылуу жасаган. Аталган видео социалдык тармактарда колдонуучулардын талкуусуна түшкөн.

12-апрель күнү аталган жарандын аты-жөнү аныкталып, Жалал-Абад ШИИБине алып келинген. Видео факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 313-берененин (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын К.М. аттуу 1996-жылы туулган тургуну өзүнүн видеосу боюнча туура эмес кылгандыгын түшүнүп, кечирим сураган жана өкүнүп, мыйзам алдында жооп берерин билдирип кайрылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

"Кыргызстан сасык" деген жаран кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Mister-X
2020-04-12 17:45:49
Озбек улутунан окшойт,кыргызга окшобойт.Олкодон кетем дептир,чыгарып жибериш керек.
+12
Jelezo
2020-04-12 17:47:59
Ал мени сасык деди
Ооба дедим,
Тек кана терикбестен күлүп туруп
Не кылам жаакташып
Мен анын сасык экенин билип туруп.
+24
bekalife
2020-04-12 17:48:30
Бул ооруйт окшойт...
+6
Dembele84
2020-04-12 18:08:51
Пешенеси тырышып ичи олуп калган кы3 екен го
+1
bessmertiy
2020-04-12 18:24:56
Кыйынчылыкты көп көргөн окшойт. Өз жашынан улуу көрүнөт экен. Бул деле кыйынчылыка тойгонунан айткандыр. Кантсе да туулуп өскөн мекени жөнүндө жаман айтпай эле койсо болмок. Айткан соң кете берсин эми кетчү жагына. Бирок жазасын алып бүткөндөн кийин.
+5
Abdizhapar
2020-04-12 18:42:31
Кебетесин кара бул озу сасып кетип озунун жыты озуно уруп калган неме го
+4
Patoshik1
2020-04-12 19:41:36
Кыргызстандыктар начарсынар. Туштуктор жамансынар, тундуктогулор вообще андан да жамансынар.олко онукпойт коррупция коп,начар иштейт бары!!!




Кечирип койгула туура эмес айтып алыптырмын ойдодо , адашып жазып алдым. Эч Ким жаман эмес.туура эмес айтканымды мойнума алам,экинчи кайталанбайт!!!
Кыргызстан эн зынк олко. Бары ништяк.
Вот коррупция реально эле коп бизде)))))
-5
Agayu
2020-04-12 19:42:34
Салыктан сасык сөз чыгат .
+2
Pepe93
2020-04-12 20:16:12
Каяка барсан ошол жакка барып, ошол жакты мактаап жаша, коробуз каяка барсан эле башына чыгар караганын, азыр бардык жерде бирдей ахвал,
+2
Kitep
2020-04-12 20:53:01
"Ким элди жаман десе,озу жаман экен"-деп бил.Илгерки Акылмандардын созу.
+3
basyz-kaman
2020-04-12 22:33:54
Коронавирус көп адамды нервный жүрөк оорулуу кылды жада калса нерви жукаларга акылынан дагы азгырды окшойт
+1
sultan.kg
2020-04-13 09:27:00
Катуу чара коруш керек. Кечирим сурап кутулуп кетеби?! Кыргызстандан айлан ХХХХ.
0
Avrora2017
2020-04-13 12:53:21
Birin etin birin jep olosunorgo
0
urmat94
2020-04-13 14:54:41
Бул кыз озу аябай жыттуу корунот го кебетесинен
0
al-abu-kinesz
2020-04-13 15:32:30
Жон эле 4-класстын окуучусу декламация айткандай эле кечирим сураптыр го. Чын журоктон тизелетип суратыш керек буга окшогондорду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан