"Тажикстанда окуган кыргыз студентинен коронавирус аныкталып, ал Лейлекке качып келгенби?" дейт окурман. Акимчилик 6 студенттен оору аныкталганын айтты

Сүлүктү шаарында жана Баткендин Лейлек районунда жашаган тургундар арасында мессенжер аркылуу кабар тарап жатат. Анда Тажикстандан качып келген кыргыз студентинен коронавирус аныкталгандыгы, анын бири Коргон айылындагы үйүнө келип, жакындары менен байланышта болгондугу жазылган.

"Тажикстанда окуган кыргыз студенттердин экөөнөн коронавирус аныкталды. Тилекке каршы, алардын бири жашыруун жолдор менен Коргон айылына үйүнө качып келип, туугандары менен байланышта болгон. Базарга барган жана башка коомдук жайларда болгон", - деп жазылган ал билдирүүдө.

Бизге Сүлүктү шаарынын тургуну кайрылып, бул маалыматты тактап берүүнү өтүндү. Ал эгерде бул айтылгандар чын болсо Сүлүктү шаарына Лейлектен келгендерди киргизбей туруу керек деген оюн кошумчалады.

SUPER.KG порталы Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдон маалымат алды. Акимдин айтымында, Тажикстанда окуган 6 кыргыз студентинен коронавирус аныкталган.

"Бирок алтоо тең келе жатканда, блокпосттон медициналык текшерүүдөн өткөн. Тест тапшырган, дагы башка анализдерди тапшырган. Анализинин жыйынтыгы терс чыкканда инфекциялык ооруканага жаткырылып дарыланууда. Дагы бир студенттин качып келип, элге аралашканы боюнча так маалымат жок. Учурда ушул жазылгандардын баарын тактап жатабыз. Мен расмий бир документтерди, маалыматтарды алгандан кийин гана бул суроого жооп бере алам", - деди Бекмуратов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
JaneEr
2020-05-11 13:59:14
Озубуздо университет толуп атса неге Таджикстанга барып окушкан?Же алар озбек,тажиктерби ?Киргизбей койбоптур.
+8
leilekstan_1987
2020-05-11 14:26:55
JaneEr,оа алар тажиктер.
+7
taalay25
2020-05-11 15:04:17
JaneEr,алар тажиктер
+3
fun84
2020-05-11 15:31:02
JaneEr,Алар Кыргызстандык тажиктер, аларды Тажикстандын окуу жайлары бюджеттик негизде окутушат. Ошого ошол жакка барып окушат.
+2
kyrgyzka7
2020-05-11 18:53:46
JaneEr,кргызстандык таджиктер алар
+1
bond02
2020-05-11 14:24:04
Тажикстандан эмнени окуп уйронушот дейм да.
+6
Asyl.jazi
2020-05-11 16:52:31
bond02,бизде пакистандар, индустар эмнени окуп уйронот?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан