Жалал-Абад шаарынын комендатурасы өз ишин жыйынтыктады

Жалал-Абад шаарынын комендатурасы өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад ОИИБинин имаратында Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын иши жыйынтыкталып, өзгөчө абал учурунда комендатура менен тыгыз байланышта болуп, жакындан көмөктөшкөндөр сыйланды.

Өзгөчө абал учурундагы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков комендатура менен кызматташкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, комендатура коюлган талаптарды толук кандуу аткарып, өз ишин аягына чыгаргандыгын билдирди.

Ошону менен катар бир топ кызматкерлерге жана элдик кошуундун өкүлдөрүнө ыраазычылык каттар жолдонду. Ошондой эле комендатуранын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, коронавирус илдети менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин эбегейсиз зор салымдары бар экендигин белгилешип, ардак грамоталарды тапшырышты. Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси Кылычбек Жолдошов өздүк курамды мындан ары дагы бул илдетке каршы турууга, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле кызматкерлердин өздөрүн да санитардык нормаларды сактоого үндөдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
men70
2020-05-11 14:38:38
Ишинизге ийгилик.
+2
Nadir27
2020-05-11 15:07:55
Ошондо Жалал-Абад посттор ачылдыбы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан