Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Саматбек Ибраимов мугалимдердин айлыгы тууралуу маселе көтөрдү.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдердин айлыгы үзгүлтүккө учурабай турганын айтты. "Коронавируска байланыштуу 9-класс жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт.
Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды", - дейт министр.