Бүгүн, 6-сентябрга карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандардын саны жалпы 44 миң 403 болду. Анын ичинен 18 миң 914 бейтап COVID-19дан, 25 миң 489у пневмония менен жабыркаганы тастыкталган. Статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Ал эми коронвирус инфекциясы өлкөдө катталган күндөн тартып жалпы 1 миң 61 бейтап көз жумду. Анын ичинен 265 бейтап COVID-19дан, 796 адам пневмониядан көз жумган.