Бишкекке Япония, Филиппин, Кореядан Кыргыз жарандары кайтып келишти

Бүгүн, 23-июнда өлкөгө Корея, Япония жана Филиппинден 19 Кыргыз жараны кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жарандар Казакстан тараптын көмөгү аркылуу учуп келишкени айтылат.

"Биздин жарандар Токио, Манила шаарларынан кадимки каттам менен Сеул шаарына келишип, андан ары казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарынын аба майданына конушкан. Ал жерден Кыргыз өлкөсүнүн атайын даярдалган транспорту менен Бишкекке жеткирилген.

Бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартипте обсервацияга алынып, медициналык кароодон өтөт. Чет жакта калган мекендештерди кайтаруу иштери уланат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
white_angel
2020-06-23 12:03:06
Авиакаттамдарды эле ачкылачы бай болгурлар. Элдер оздору келип алат
-1
Glucke
2020-06-23 12:35:28
Эн биринчилерден болуп МИДге кайрылганюыз, 3-ай бутуп баратат бизди алып кетпей койдунар го дегеле.((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан