Адаттагыдай эле, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү коронавирус боюнча өлкөдөгү жаңы статистикаларды онлайн брифингде айтып жатат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдирүүсүнө ылайык, 12-майга карата өлкө аймагындагы ооруканалардан коронавирус илдетинен 21 адам айыгып чыкты.
Алар:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.
Муну менен аталган илдеттен айыккандардын жалпы саны 709га жетти.