Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринен жана мекеменин тергөө абагында отургандардын арасында коронавирус менен ооруп калгандар бар экени айтылды. Бул боюнча УКМКнын маалымат кызматынан жооп берүүдөн баш тартышты.
Бүгүн, 29-июнга карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 5 миң 17ге жетип, анын 2 миң 294ү ооруну жеңди. Каза болгондордун саны 50 болду.