Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору убактылуу бейтаптарды кабыл алынуу токтотту. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда суроолорго жооп берип жатып айтты.
Ага: "Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2 адамдан коронавирус аныкталганы айтылган эле. Борбор жабылганбы?" деген суроо узатылды.
"Бүгүнкү күндө борбор төрөй турган келиндерди кабыл алууну убактылуу токтотуп турат. Ал жакта жалпысынан медициналык 5 кызматкер - 3 дарыгер, 1 акушер, 1 санитарка ооруну жугузуп алган. Алардын баары обсервацияга алынган. Мекеме дезинфекцияланып, тиешелүү бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат", - деди Үсөнбаев.