Бишкекте карантиндик режимди сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлөт

Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоону көзөмөлдөө күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырма республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди деп кабарлашты өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатат. Ошондой эле анын айтымында, такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тартип сакчыларына карата сын айтты. Ал учурда айрым шаарлар менен бир райондо өзгөчө абал режими күчүндө экенин, ошондой эле транспорттун жана элдин кыймылына чектөө киргизилгенин баса белгиледи.

"Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду жана бардыгы себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди билдирбейт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана жарандардан коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт. Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча экенин айтты.

Мындан тышкары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына инфекцияны жуктуруунун алдын алуу максатында коронавирус менен күрөшүүгө тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо, негизги санитардык талаптарды аткарууларын көзөмөлдөө милдеттендирилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан