Бишкекте Кургактагы аскерлердин 2 кызматкери коронавируска кабылган. Алар ооруканадан чыгууга даярданып жатышат

Бишкекте Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлердин эки кызматкеринен коронавирус аныкталып, бүгүнкү күндө алар илдеттен айыгышты. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз өкүлү билдирди.

"Кургактагы аскерлердин 2 кызматкеринен апрель айынын аягында коронавирус аныкталган. Тагыраагы, аскерлер Ново-Покровкадагы постто нөөмөттө турушуп, нөөмөтү аяктагандан кийин обсервацияга алынып, текшерүүдөн өтүшкөндө вирустун бар экени аныкталган. Алар Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына жаткырылган. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы, ооруканадан чыгарууга даярдап жатышат.

Андан башка посттордо турган кызматкерлерден коронавирус аныкталган жок. Кызматкерлер посттогу нөөмөтү аяктагандан кийин сөзсүз түрдө обсервацияга алынып, тест тапшырышат", - деп билдиришти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан