Өзбекстанда карантиндин мөөнөтү 10-майга чейин узартылды

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 490го жетип, анын ичинен 194ү илдеттен айыкты. Бүгүнкү күнгө карата вирустан каза болгондордун саны 5ке жетти.

18-апрелде аталган өлкөнүн атайын комиссиясы карантиндин мөөнөтүн 10-майга чейин узартты. Муну менен алар вирустун жайылуусун токтотуп, көзөмөлгө алууга мүмкүн болорун түшүндүрүштү. Ал эми өлкө башчы Шавкат Мирзийоев Саламаттыкты сактоо министрлигине 2 миңден ашуун жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алууну тапшырды.

Карантин аяктаганга чейин Өзбекстанда бала бакчаларга каттоо токтотулду. Орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жылдык сынактарын дагы токтотуу каралууда.

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн өзбекстандыктардын ичинен 73 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын эң көбү, тагыраагы, 42 мигрант Орусияда жүргөндөр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан