12-май саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 509га жетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түн ичинде 23 адамдан вирус аныкталган. Пандемия башталгандан бери жалпы 1 миң 988 адам оорудан айыгып чыкса, 10 бейтап илдеттен көз жумган.