ИИМдин Орусияда иштеп жаткан эки кызматкери коронавирус жуктуруп алды

ИИМдин учурда Орусияда иштеп жаткан эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майдагы жыйында министр Кашкар Жунушалиев айтты.

"Орусияда төрт кызматкер Москва жана Санкт-Петербург шаарында иштеп жатышат. Кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча сунуш киргиздик, алардын маяналарын көтөрүү керектиги жөнүндө сүйлөштүк. Маселе каралып жатат. Бүгүнкү күндө алар кадимки кызматкерлердей эле маяна алышууда. Ал жакта алардын турак жайы гана министрлик тарабынан төлөнүүдө. Ички иштер министрлигинин башка кызматкерлери сыяктуу эле, алардын да маяналары көтөрүлүшү керек.

Пандемия башталгандан тартып ИИМдин кызматкерлери Орусиядагы мекендештерге жардам берүү үчүн элчиликтин жумушчу тобуна кошулган. Ачык айтайын, төрт кызматкердин экөө ооруп, алар коронавирус жуктуруп алышты. Мен министр Владимир Колокольцевге кайрылдым жана кызматкерлерибизден жардам сурадым", - деди Жунушалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан