Коронавирус илдети бир суткада дагы 3 бейтаптын өмүрүн алды
Соңку суткада коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 3 жаран каза болду. Муну менен өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1 миң 185 адам болду.
Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда катталды.