Жалал-Абад облусунда 151 оорулуу катталган болсо, алардын ичинен 114 жаран айыгып чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.
"Жалал-Абад облусунда 151 оорулуу катталган болсо, алардын ичинен 114 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 37 жаран учурда бейтапканада дарыланып жатат. Анын ичинен 18и Чаткал районунда, 4 адам Тогуз-Торо районунда, ал эми 1 жаран Ала-Бука районунда дарыланууда.
Айтып коюш керек, Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорундагы бейтаптар жакынкы күндөрү айыгып, үйлөрүнө чыгарылат.
Чаткал районундагы абалга токтоло кетсек, азыркы тапта районго карантин киргизилгенине байланыштуу азык- түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар жана банктар толук кандуу иштеп жатат. Жалал-Абад облусунда 4 бейтап катталган болсо, алар дагы Чаткал районунун тургундары. Биз 2-3 күндүн ичинде оору токтойт деген үмүттөбүз. Анткени оорулуулардын башка адамдар менен байланышта болуусун чектей алдык", - деди өкүл.
Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланмакчы. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө азыр да күчүндө.
Кыргыз өлкөсүндө 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталуу.