"Сооронбай Жээнбековдун WhatsApp номерин бересизби?". 118 колл-борборуна келген күлкүлүү суроолордун топтому

Пандемиянын биринчи күнүнөн тартып шаардык муниципалитет шаарды, шаар тургундарын коргоо боюнча иштерди баштаган. Бишкек шаарынын мэриясы Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо 118 линиясы» долбоорун ишке киргизди. Күнү-түнү 118 борборунда клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген медиктер шаар тургундарына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча акысыз медициналык кеңештерди берип, жардам көрсөтүштү.

"Бизге ар түрдүү себептер менен чалып жатышты. Кээ бирлери ковид-19, КРВИ белгилери менен кайрылса, айрымдары башка оорулар менен чалышты. Ал эми кээ бир адамдар жөн эле бугун чыгарып жатышты. Биздин операторлор сабырдуулук менен ар бир шаар тургунуна кеңештерди берди. Кээ бир учурда абдан күлкүлүү суроолор дагы берилип жатты", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

118 колл-борборуна келген 30 күлкүлүү суроолордун топтому:

«Саламатсызбы, биз жаңы эле электр энергиясынын акчасын төлөдүк, күйгүзүп коё албайсыздарбы?»;

«Мен коронавирусту жугузуп албай, кантип эт менен жемиштерди бышырам?»;

«Коронавирус менен ооруп калбаш үчүн канча жолу КТга түшүшүм керек?»;

«Биз ундун ичинен чычкан таап алдык, эми унду жей берсек болобу?»;

«Коронавирус импотенцияга алып келет дейт, бул чынбы?»;

«Сооронбай Жээнбековдун жана Кубатбек Бороновдун WhatsApp номерлерин бересиздерби?»;

«Менин туугандарым келишти, мен эшикти ачайынбы же ачпай эле койсом болобу?»;

«Абылгазиевди телефонго чакырып коюңузчу, сиз анын жанында отурасыз да»;

«Эмнеге КТРКда кайгылуу программалар? Сиздер аларды тейлейсиздер да, аларга оюн-зоок программаларын берсин деп айтып коюңузчу»;

«Эмнеге кыргыз телеканалдарында кыргыз тилинде гана программалар берилет?»;

«Кутман күн, биз жубайым экөөбүз тең коронавирус менен ооруп жатабыз, балалуу болсок болобу?»;

«Коронавирус жыныстык жол менен жукпайбы?»;

«Саламатсызбы, менин мышыгымда ковид-19дун бардык симптомдору бар, мышыктардан ПЦР тестти кайдан алат?»;

«Транспорт кайсы убактарда каттайт? Качан толук күн каттай баштайт?»;

«Качан кинотеатрлар иштей баштайт?»;

«Кальянды кайдан чексе болот?»;

«Х» көчөсүндө гүлдөр отургузулду, бирок аны эч ким сугарбайт! Сиздер суугарып кете аласыздарбы? Алар айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет да, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет»;

«118, сураныч, биздикине келип, үйүбүздүн эшигинин кармагычын тазалап кете аласыздарбы? Кечээ бирөө такылдатып жаткан, бирок мен ачкан жокмун»;

«Азыр саат канча болду айтып бере албайсызбы?»;

«Качан пенсия берет?»;

«Ресторандар жабылды, жумуш жок, жумушту кайдан табам?»;

«Мен жөргөмүштөр менен күрөшүп жатам, алардан оору жугуп калбайбы?»;

«Унаанын айып пулун билсем болобу?»;

«Доктор колбасасы канча турат?»;

«Менин күйөөмдү обсервацияга алып кеткилечи, ал эки аптадан бери арак ичип жатат»;

«Чоң кыз, мен арак ичип жатам, бул оору жуктуруп албоого жардам береби?»;

«Менин күйөөм менен сүйлөшүп коёсуздарбы, ал мени укпай жатат, күн сайын ичип жатат»;

«Менин аялыма тамак берип жатканда сүйлөгөнгө болбойт деп сүйлөшүп, түшүндүрүп коюңузчу суранам»;

«Пандемия учурунда жыныстык катнаш болобу?»;

«Саламатсызбы, мага бирдик жүктөп коё аласызбы?».

Эскерте кетсек, 118 колл-борбору медициналык кеңеш берүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2020-08-27 10:23:58
Бир нерсени жебесинчи ошо.118.Кантип иштешкенин бардыгы кордуго канча оруулулар чалышты бироосуно жардам бердиби.Телефонду албайт алса жардам бере албайбыз уйдон чыкпа дейт болду не иш кылышты ит дагы билбейт
+10
Noon
2020-08-27 19:13:28
Элди шылдыңдап отурушкан тура талдап. Хм
-2
mirlanpiter
2020-08-27 19:45:22
Апенди сыяктуу кээ бир адамдар да бар,мага да бир чоң эле бала кызыктай суроо берген...дары чай ичип жарымын койуп койсом квартирада жанагы бала ичип салыптыр,,,мен сен ичтинби чайды десем ооба аке эми мен өлүп каламбы деп жалдырайт ..
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан