Рэп аткаруучусу Баястан Ботоканов өзү туулган Балыкчы шаарына 800 доллар өлчөмүндөгү акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти.
"Балыкчы шаарынын кулуну, кыргыз эстрадасынын жылдызы Баястан коронавирус илдети менен ооруп жаткан жарандарыбызга жардам көрсөтүү максатында өзүнүн атынан 800 доллар акчалай жардам көрсөттү. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.