Кыргыз өлкөсүндө "Достук", "Чоң Капка", "Ак Тилек" өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Ошто экспорт дагы, импорт дагы токтогон жок. Андан тышкары өлкө боюнча жогоруда белгилеп кеткен Өзбекстан менен чектешкен "Достук", Таластагы "Чоң-Капка" жана Чүйдөгү "Ак Тилек" бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул жерлерде чоң жүк ташуучу унааларга тоскоолдук болгон жок. Себеби коңшу мамлекеттердин өкмөт башчылары ушул багытта тоскоолдук болбошу үчүн атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Учурда өлкөдө экспорт жана импорт маселеси акырындан жолго түшүп келе жатат. Бул жаатта ишкерлерге кандай документ керек болсо биз жардам беребиз", - дейт ал.