Бүгүн, 28-октябрь саат 08:00гө карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 145 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
Инфекциялык ооруканада - 3;
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында - 2;
Улуттук фтизиатрия борборунда - 5;
Темир жол ооруканасында - 0;
Улуттук хирургия борборунда - 7;
Улуттук госпиталда – 81;
№1 шаардык клиникалык ооруканасында – 18;
Эне жана баланы коргоо борборунда - 9;
Кардиология жана терапия улуттук борборунда – 0;
Онкология жана гематология улуттук борборунда - 4;
№2 клиникалык төрөт үйүндө - 16.