Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдан өлкөнүн экономикасы 80 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
"Коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жарыяланганда өлкөнүн экономикасы 80 пайызга чейин төмөндөдү. Чакан жана орто бизнестин, курулуш, өнөр жай ишканалардын иштери токтотулду. Былтыркы 4 айга салыштырмалуу бардык тармактар төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Чек аралардын жабылышы товарларды экспорттоого жана импорттоого терс таасирин тийгизди", - дейт Муканбетов.
Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети каралууда.