Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Баткен облусу– 1;
Ош облусу– 1;
Ысык-Көл облусу– 3.
Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3640, алардын ичинен 3410 медкызматкер сакайды.