Казакстанда бир суткада 1 миң 472 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илдетти жаңы жуктуруп алган 1 миң 472 адамдын 828и вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 644ү ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.
Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 87 миң 664кө жетти. Бул илдеттен жалпы 57 миң 815 бейтап дарыланып чыккан, ал эми 793 адам каза болгон.