Суданда кыздарды сүннөткө отургузгандар мындан ары кылмыш жообуна тартылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги 22-апрелде кылмыш жаза кодексине киргизилген оңдоолорду бекиткен. БУУнун берген маалыматына ылайык, Суданда 10 аялдын тогузу сүннөткө отургузулган.
Аялдардын укугун коргоо боюнча уюмдардын билдиргенине ылайык, кабыл алынган мыйзам аялдардын укугун коргоону жаңы деңгээлге көтөрдү.
Дүйнө жүзү боюнча 200 миллионго жакын аял киши сүннөткө отургузулган. Аял кишилердин жыныстык органын кесүү Африканын 27 өлкөсүндө, Жакынкы Чыгышта жана айрым Азия өлкөлөрүндө бар.
Мындай иш-аракеттер аялдардын ден соолугуна зыян тийгизет. Алар кан жоготууга же төрөт учурундагы абалдын оорлошуусуна алып келет.
Адистердин айтымында, сүннөткө отургузулган аял киши жыныстык катнашка барганда ар кандай ооруксунуларды сезип, эч кандай ырахат албайт.