Бүгүн, 15-майдан тартып Москвада COVID-19 инфекциясын аныктоо үчүн массалык тестирлөө башталат. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирген.
Собяниндин айтымында, аптасына 70 миң киши коронавируска бекер анализ тапшыруу үчүн чакырылат. Тесттен өтүү адамдын каалоосуна жараша болот, каалабагандар процедурадан баш тарта алышат. Тесттин жыйынтыгы мэриянын расмий сайтына чыгарылып турат.
Вице-мэр Анастасия Ракова тест жүргүзүү үчүн шаардыктардын тизмесин кокустан тандап алуу жолу менен аныкташат.
15-майга карата маалыматка ылайык, Москвада коронавирус илдетин жугузгандардын саны 130 миң 716га жеткен.