Орусияда бет кап жүктөлгөн унаалар "кайым болду". Унааны жерлиги Кыргыз өлкөсүнөн болгон адамдар коштоп келе жаткан

Москвада медициналык бет каптар жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар уурдалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, баасы 28 миллион рубль болгон бет каптар жүктөлгөн эки унааны жерлиги Кыргыз өлкөсүнөн болгон адамдар коштоп келе жаткан.

"Жүк Екатеринбург шаарынан келе жаткан. Жүк ташуучулар аны Солнечногорск шаарындагы кампалардын бирине чейин коштоп барышы керек болчу. Жолдон унааларды жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлери токтоткон. Ишкердин документтерин текшергиче анын бет кап жүктөлгөн унаалары жок болуп кеткен. Айдоочулар ишкер менен байланышка чыккан эмес", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалар катталбаган номерлер менен жүрүшкөн. Мындан сырткары аларды жолдон токтотуу кылмышкерлер тарабынан пландалган болушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Altyn10076
2020-05-15 13:46:33
Ошондо коштоп келе аткан кишилер уурдаган болуп калдыбы...
+3
Jaran94
2020-05-15 13:49:08
Эчтекеге тушунбодум.
+3
bekalife
2020-05-15 13:55:31
Кыргыз олкосунун жарандары дегилечи айланайындар.
+2
katerina.li
2020-05-15 16:28:47
Темасы бир укмуш. Адабий тил менен диалектиканы аралаштырбаса журналист аттулар
+1
bond02
2020-05-15 17:02:41
Коздон кайым болду дечу эле илгеркилер.
0
Kubatbek1974
2020-05-15 17:02:55
Айдоочулар калып унаалар жоголуп кеткенби? Эч нерсеге түшүнбөдүм.
0
Sunera
2020-05-15 19:51:40
Жерлиги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан