Эл аралык валюта фонду кезектеги 120 миллион долларды которду

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз мамлекетине 243 миллион доллар тышкы жардам келди. Анын ичинен 120 миллион доллары Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы, ал марттын аягында келген. Конвертациядан кийин бул каражат болжол менен 10 миллиард сомду түзгөн. Бул каражаттар биринчи кезекте бюджеттин корголгон жактарга багытталган:
4 миллиард сом – айлык акыларды төлөөгө;
1 миллиард 800 миллион сом – Социалдык фондго;
1 миллиард 2 миллион сом – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;
дээрлик 1 миллиард сом жөлөк пулдарга.

“Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы, тагыраагы, 120 миллион доллар 13-майда берилди. Бул каражаттар азырынча пайдаланыла элек”, - дейт вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Мындан тышкары ар кандай булактардан коронавируска каршы күрөшүү максатында саламаттыкты сактоо линиясы боюнча гуманитардык жардам катары медициналык каражаттар, азык-түлүк жардам, тесттер жана башка жалпы 1 миллион 800 миң долларлык жардам келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
yars2017
2020-05-15 21:42:43
ынтымакташып болушуп алгыла эми уруш талашы жок урматтуу биздин жеп жутарлар
0
tilek121277
2020-05-15 22:33:09
Кирип кеткендир сол чонтокторго уже
0
ika8086
2020-05-15 22:43:32
120миллион долларды 120сы болушуп алат экен да,Кытайга берип карызды жаап салсанарда болот озу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан