Бүгүн, 16-майга карата медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктургандардын саны 248ге жетти. Анын ичинен 200ү илдеттен арылып, стационарлардан чыгарылды. Айыккан бейтаптардын көбү иш орундарына кайтышты.
Оорулууларды дарылоодо илдетти жуктуруп алган кызматкерлердин эң көбү Бишкек шаарында катталды. Алар:
Бишкекте - 96. Анын ичинен бүгүнкү күндө 70 кызматкер айыкты.
Ош шаарында - 49. Учурда 45 кызматкер илдетти жеңди.
Нарын облусунда - 38. 25 кызматкер коронавирустан айыгып, стационарлардан чыгарылды.
Ош облусунда - 28. Дээрлик баары айыкты.
Жалал-Абад облусунда - 24. Анын ичинен 20 кызматкер илдетти жеңип, оорудан арылды.
Чүйдө - 10. Бүгүнкү күндө анын 8и айыкты.
Баткенде - 3. Баары айыкты.
Ысык-Көлдө коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер жок.