Ташкент шаарындагы зоопарк 16-майдан тарта кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сейил бакка кирүү санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруу менен гана ишке ашат.
Азыркы тапта зоопарктын аймагындагы аттракциондор, көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар иштей элек.
"Биздин жаныбарлар сиздер менен болгон жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Келип маанайыңызды көтөрүп, көңүлдүү убакыт өткөрүп кетиңиз", - деп билдирген зоопарктын администрациясы.
Зоопарк коюлган чектөөлөрдөн улам 19-марттан тарта өз ишин токтоткон.