Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасына жана "Сары-Ой" мейманканасында уюштурулган күндүзгү стационарына 5 даана кычкылтек концентратору тапшырылды. Маалыматты Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти.
Анда жабдыктар Балыкчы шаарынын тургуну, активист Азамат Арнабек уулу "Жаштар ордосу" уюму менен биргеликте тапшырлаганы айтылат.
"Азамат Арнабек уулу өз сөзүндө азыркы учурда Америкада эмгектенип жаткан балыкчылык жаштар тарабынан 12 даана кычкылтек концентратору берилерин айтты", - деп жазылат маалыматта.