Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров мэрия тарабынан беш мобилдик топ уюштурулганын бүгүн, 16-майдагы брифингде билдирди.
«Ооруну мындан ары жайылтпоо максатында Нарын шаарынын мэриясы тарабынан 5 мобилдик топ уюштурулуп, алар эл арасында илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнү-түнү ыкчам иш аткарып жатышат. Мобилдик топтун ишин жакшыртуу үчүн кызматкерлерге ысык тамак-аш жана жата турган жерлери камсыз кылынган», - деп билдирди Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.