Түркия июнь айынын ортосунан баштап чет элдик туристтерди кабыл алууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойго таянып жазышты.
"Июнь айынын ортосунда эл аралык туризм кайрадан жанданат деп күтүп жатабыз. Ошол эле учурда, менин оюмча, дүйнөнүн көп жерлерине эл аралык каттамдар башталат", - дейт министр.
Ал эпидемиядан кийин биринчи туристтер Кытай жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары болушу мүмкүн экенин белгиледи. Министр Европа өлкөлөрүндө коронавируска байланыштуу жагдай жакшырып жаткандыгын эскертти.