Өлкөдө газга болгон мурдагы баа кайтарылат

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн жаратылыш газына болгон мурдагы тарифти кайтарат. Мындай макулдашууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин компаниянын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Компания тарабынан калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15 сом 3 тыйындан 17 сом 6 тыйынга чейин жогорулатылгандыгы кабарланган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18 сом 7 тыйындан 21 сом 3 тыйынга чейин жогорулатылган. Баалардын өзгөрүшү доллардын расмий курсунун жогорулагандыгына байланыштуу экенин компаниядан билдиришкен.

Болот Абилдаевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти ордуна кайтарат", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы "Газпром Кыргызстан" компаниясына социалдык жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samatalibei
2020-04-14 14:40:04
Ошондой кылгыла алтындарым. Мындай учурда элге колдоо керек.
+4
nnn.sss
2020-04-14 14:40:46
Жакшы жанылык
+3
Kitep
2020-04-14 17:46:31
Дуйнодо Нефттин баасы тушуп жатса Газдын баасы доллар менен которулгонуго таң калып жатканмын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан