Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын бирөө Жалал-Абадда, бирөө Ош облусунда.
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 3 миң 815 медицина кызматкери коронавирус инфекциясынан жабыркаса, алардын ичинен 3 миң 545и сакайды.