Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан "ЖАМКнын 4 кызматкери коронавирус жуктурду" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"Кечээ, 16-май күнү брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев соттолуучулар жана кызматкерлер арасында коронавирус жуктургандар жок деп билдирген. Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкери дарыланууда. Алардын бирине пневмония диагнозу коюлган. Ал эми калгандары коронавируска шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Кызматкерлердин ден соолугу жакшы, эч кимде арыздануу жок. Алар жакында кайрадан ПЦР анализин тапшыруу алдында турат, андыктан кызматкерлерден коронавирус аныкталды деп айтууга эрте.
Эске салсак, ЖАМКда коронавирустун алдын алуу үчүн кызматкерлерге экспресс-тест жүргүзүү иш-чарасы улантылууда. Эгерде кимдир бирөөдө инфекциянын белгиси аныкталса, тез арада андан ары текшерип, дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жиберилет.
Бүгүнкү күндө кызматкерлер жана соттолуучулардын арасында коронавирус инфекциясын жугузгандар катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн брифинг учурунда Нурболот Үсөнбаев ЖАМКнын 4 кызматкеринен коронавирус аныкталганын билдирген.