Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунда коронавирустун жайылышына ким күнөөлүү экенин сурады.
"Баары бири-бирине шылтап жатышат. Кээ бирлер дарыгерлерди, айрымдары күч органдарынын кызматкерлерин же мэрияны күнөөлөп жатышат. Бүгүн эле Нарын облусунда 14 адамдан коронавирус аныкталды", - деди депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул боюнча кат түрүндө жооп бере турганын айтты. "Коронавирус боюнча Нарында 2-3 кылмыш иши козголду", - дейт ал.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде Башкы прокуратуранын отчёту каралды.