Өзбекстанда коронавирус аныкталган бейтаптардын арасында эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулар бар экени айтылды

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 792ге жетти. Вирусту жуктуруп алганы аныкталгандардын арасында эл аралык жүк ташууларды камсыздаган айдоочулар дагы бар. Илдетке кабылгандардын ичинен 2 миң 314ү бүгүнкү күндө айыгып, ооруканадан чыгарылса, 13 бейтабы каза болгон.

Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, өлкөнүн Башкы прокуратурасы медициналык кызматкерге карата ачылган кылмыш ишин токтотту. Буга чейин Акдарыя районундагы медициналык жайдын бөлүм башчысы коронавирус жуктуруп алып, өзүнөн башка дагы 34 кишиге илдетти жуктурду деп айыпталып жаткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан