Дональд Трамп коронавирусту жугузуп албаш үчүн гидроксихлорохин ичип жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп брифинг учурунда оору жугузуп албоо үчүн гидроксихлорохин ичип жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Адистердин айтымында, аталган дары ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Ал дарыны волчанка жана безгек ооруларын дарылоодо колдонушат.

"Мен бир жарым аптадан бери ичип жатам. Азыр болсо силердин жаныңарда турам", - деп билдирген Трамп.

Аталган дары коронавирусту жуктуруп албоого жардам берет деген эч кандай далилдер жок. Азыркы тапта бул тууралуу клиникалык сынактар АКШ, Улуу Британия, Испания жана Кытайда өтүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktyluumun98
2020-05-20 06:33:39
Эми,... Трамп да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан