Соңку суткада 1102 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 827 адамдан илдет аныкталган.
Ош шаары - 10
Чүй облусу – 65
Ош облусу – 24
Талас облусу - 9
Нарын облусу - 12
Ысык-Көл облусу – 55
Жалал-Абад облусу – 20
Баткен облусу - 80
Өлкөдө жалпы 152 миң 709 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.