Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус тастыкталды, арасында аппарат башчысы Досалы Эсеналиев да бар

Жакында эле президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышкан. Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден инфекция табылганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, оору аныкталгандардын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар.

"Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан