Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркагандардын теңинен көбү айыгып чыкты. Сыры эмнеде? Адистин жообу

Бүгүн 19-майга карата сутка ичинде 27 жарандан коронавирус аныкталып, ооругандардын саны жалпы 1 миң 243 адамга жетти. Ал эми бүгүн стационарлардан 71 бейтап чыгып, айыккандардын жалпы саны 898. Буга байланыштуу коронавирусту дарылаган негизги очоктордун бири болгон Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев бейтапканадагы статистикага токтолду. Ал эми аталган бейтапканада Соль-Илецктен келген 5 жаран учурда дарыланууда.

"Соль-Илецктен келген жарандар бизге эмес, Улуттук борбордун терапия бөлүмүнө жиберилген. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына болгону 5 жаран келген, алар учурда дарыланышууда", - деди ал.

Башкы дарыгердин айтымында, бейтаптардын аз убакыт аралыгында дарыланып, ооруканадан чыгып жатканы - бул жакшы жыйынтык жана анын сыры бейтаптарга жардамдын убагында көрсөтүлгөнүндө.

"Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына ушул учурга чейин 630 адам кайрылган. Алардын баары ооруканага жаткырылган жана 486 жаран айыгып чыгышкан. Ал эми коронавирус бар экени жалпы 500 кишиден такталган. Ошол 500 кишинин ичинен 360 жаран азыркы тапта айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан иш-чаралар, анын негизинде түзүлгөн алгоритм менен өлкөдө вируска каршы туура иш алып барылып жатат деп айтсам болот. Себеби башка өлкөлөрдө коронавирусу бар деп, акыбалы жакшы болсо, аларды үйүнө калтырып коюп жатышат. Ал эми бизде коронавирус такталгандан кийин сөзсүз ооруканага жаткырылып жатат. Анын акыбалы жакшыбы же жаманбы ага эч карабайт. Ошол себептен биринчиден башка адамдарга жуктургандын алдын алып изоляция катары биздин ооруканага жатышат.

Ошону менен бирге алардын ичинен акыбалы жакшы делгендердин арасынан оорусу күчөп, жанданыдыруу бөлүмүнө жатып калгандары дагы болуп жатат. Анткен менен убагында жардам көрсөтүлүп, дары-дармек берип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан бейтаптардын көбү айыгып чыккан. Негизинен бул бир эле биздин ооруканада эмес, башка стационарларда да ушундай көрсөткүч болуп жатат. Себеби баарыбыз бирдей иш алып баруудабыз. Биздеги кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 40ка жакын адам айыгып, үйлөрүнө чыгышты. Бул дагы биздин жетишкендиктерибиздин бири. Себеби көбүнчө жандандыруу бөлүмүндө жаткан адамдар башка өлкөлөрдө каза болуп калып жатышат.

Ал эми элдин арасында коронавируска байланыштуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. "Менин ден соолугум жакшы, эч нерсе болбойт, мага вирус жукпайт, мага жөн эле диагноз коюп жатасыңар, үйгө кетирсеңер болмок" деп бир жаран чыр салып жаткан. Анан 2 күндөн кийин коронавирустун белгилери күчөп жарандын абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Мындай учурлар көп болуп жатат. Эгерде бейтап үйүндө каралбай калганда анын дарты күчөп кетип, Кудай сактасын, каза болуп калышы дагы мүмкүн эле. Албетте, аларга убагында дары-дармекти, кислородду аппарат менен берүүнүн өзү бул биринчи дарылоо, биринчи жардам болуп эсептелет. Ошон үчүн убагында көрүп, убагында токтотуп калыш бул биздин милдет жана максат", - деди Аалиев.

Ал эми аталган бейтапканда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин азыркы тапта көбүнүн абалы жакшы. Башкы дарыгердин айтымында, учурда ооруканада 16 кызматкер дарыланып жатат жана жакынкы күндөрү алар дагы айыгып, үйлөрүнө чыгарылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azamat6
2020-05-19 17:43:43
Орубагандын сыры бизнес кылып атышат калп еле дарыладык деп сол чонтоко уруп атышат
+2
Baktyluumun98
2020-05-20 06:24:42
Кудай сактады, бизге женил туру келди окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан