Өлкөдө коронавируска кабылгандардын арасында жүк ташыган унаалардын айдоочулары дагы бар. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн жыйында билдирди.
"19-марттан бери өлкөгө 17 миңден ашуун жүк ташыган унаалар кирип, чыккан. Унаалардын айдоочулары текшерүүдөн өтүшүп, бүгүнкү күндө 32 айдоочудан коронавирус аныкталды. Вируска кабылган айдоочулар акыркы күндөрү көп каттала баштады", - деди Боронов.