Москва шаарында коронавирустан 2 Кыргыз жараны көз жумду деген маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тастыктады. Ошондой эле мекемеден көз жумган жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн кабарлашты.
Элчиликтин Орусиянын саламаттыкты сактоо департаментине таянып берген маалыматына ылайык, Орусиянын аймагында Кыргыз өлкөсүнүн 100дөй жараны коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Аларга обочолонуу үчүн атайын батирлер ижарага алынганын билдиришти.