Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 7 миңге чукулдады

Коңшу Казакстанда сутка ичинде дагы 218 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен аталган өлкөдө ооругандардын жалпы саны 6 миң 969га өсүп, анын 3 миң 598и илдеттен арылды. 35 бейтап каза болду.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, Алматы облусунда жарандардан коронавируска тест алуу мерчемделүүдө. Тагыраагы, күнүнө 5 миң адамдан тест алынып, аймактагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө пландалып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан