Өлкөдө дагы 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандар - 266.
Алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.