Орусиядан өлкөгө келе албай жаткан мекендешибиз өзүнө кол салганы айтылууда

Новосибирск-Бишкек каттамынын жокко чыкканына байланыштуу бир айга жакын убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үйлөрүнө кайтып келе албай жатышат.

Күтүүдөн тажап, айласы кеткен жарандар аэропортто түнөөгө мажбур болушууда. Ал абалды чагылдырган сүрөттөр интернетке тарап, абал учурда кызуу талкууланып жатат.

Ал эми кечээ, 15-апрелде жүргүнчүлөрдүн бири өз жанын кыюуга аракет кылганын аэропорттогу жаран билдирди. Аялды өзүнө кол салууга Бишкекте күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө күтүп жатканы, ага кыйын учурда жетип бара албаганы себеп болгон. Мындан улам ал өзүн өлтүрүү максатында көп өлчөмдө дары ичкен. Аны байкаган башка жарандар "Тез жардам" кызматын чакырып, жаранга убагында жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми азыркы абалда өзүнө кол салууга аркет кылган жарандын абалы жакшы экенин аэропортто кармалып турган Айнагүл Калкберди кызы билдирди.

"Кечээ өзүнө кол салууга аракет кылган эженин абалы учурда жакшы. Себеби ага убагында жардам көрсөтүлүп калды. Бишкекте күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө экенин айтып, күтүп жатып ушул кадамга барды.

Өзү кыжаалат болуп, тынчсызданып жатса күйөөсү эмне болуп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын да сурай албай койдук. "Жолдошум баса албайт" деп жаткан, сыягы эженин жолдошунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген", - деп билдирди жаран.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
tatynam_88
2020-04-16 13:32:58
Уят бийликке!алып кетсе болот 1рейс кылып.
+5
tolik.9017
2020-04-16 14:06:32
Менин оюм. Россияда журуп бул жака келе албай окмоттон жардам сурашса жаман коруп жатабыз, эгер ошол жака барбай ушундай кырдаалда ачка калдык окмот жардам бер десе дагы айтмакбыз алты санын аман экен окмотту карабай иштесен болот деп. Алар деле жыргаган жашоодон кетишбесе керек
+10
Zhoro
2020-04-16 14:08:20
Мигранттар сырттан акча которбосо корот элем кыргыз бийлиги кантип элин багат жакшы машина жакшы уйлор мамлекеттин ичинде айланып жаткан акчалардын бир болугу мигранттардын акчасы же кыргыз бийлиги жумуш менен камсыздап койдубу ? Кээ бироолор жоолуп жазат кыргызстандан деле иштесе болот деп... кыргызстандагы иштерин да сырттан келген акчанын жардамы менен болуп жатат эгер тушунсонор эми ушундай мезгилде кыргыз бийилиги алып кет элинди мекенге к-вируска мынча миллион акча жыйналды деп колунду
+11
Birimdik5555
2020-04-16 17:37:17
Мигранттар эсинерге келгиле,кордунорбу бийликтегилер камырабай отурушат,алардын башы да оорубайт болуш керек.Эми карона вирус бутсо Россиядан барып той кылбай,акчаны ырчы чоорчуларга чачпай,айылда той кылгандарга да кошпой керектуу жерге иштетели.
+5
Birimdik5555
2020-04-16 17:40:31
Квер007 каякта иш болсо иштейсинби Кыргызстанда,иш болсо да он миндин тегерегинде айлык,борбордон башка областтарда ал эмнеге жетет жол кире анан обедке эле
+2
nur...nur.
2020-04-16 21:38:55
Россияда эле иштеп жашап жургон адамдар эми кичине тушунуп ушул жакта эле болуп тургуладасабыр кылып бироо кет деген жок.Кыргызстанда деле жыргап жаткан жок.Оору чыкпаса иштеп эле журмоксунор кетпей тетири калкпыз.
+2
Belek1710
2020-04-16 23:31:35
nur...nur.,Туура да мамлекеттер аралык рейстер учпай жатат, чоң деген РФсы дагы 35миңдей жаранын алып келе албай калды, учуп барган самолётун кайтарып жиберди го Арабдар. Сабыр кылып түшүнүп туралы да.
+1
Bolya8892
2020-04-16 23:10:44
Кундо той кундо майрам болуп кутурдук эле. 1000 сомун алып шайладык пайдасы жокторду.эми озубуз кордолуп журобуз талалап. Озубузго озубуз качан куйобуз акылга кирип.
+4
chynara-84
2020-04-16 23:55:05
Жашап жаткан квартираларына барып турушпайбы?Эмнеге барбай жатышат?
-1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-04-17 00:05:47
Аэропортто уктап темселебей арзанырак гостиница таап ошол жерде жашап турсанар кетсе бир аздан акчанар кетет бир жолу эле бомж болуп албай!!!
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-04-17 00:07:58
Убагында айткан силерге аэропорт жабылат рейстер токтойт деп озунор билемдике салып эч кимди укпай эми мынтип лишний проблема болуп атасынар!!!
+2
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-04-17 00:09:35
Чет жакта иштеп жургондор болбоду дегенде эн азы айына 30 40 мин рубль айлык аласынар ошонун бир айын озунорго иштетип койгула эми мамлекетти уят кылып ар жерде уктабай!!!
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-04-17 00:10:40
Жолдор ачылганда или Чартердик рейс суйлошкондо баарынарды чакырат бир список кылып номеринерди таштап кеткиле кыжалат болбой!!!
+1
Stervashka
2020-04-17 02:11:56
Эртенки кун аманат! Эчким ойлобогон нерселер болуп кетет экен жашоодо. Ойдо жок, тушко келбеген нерсе болуп кетти го. Кыргыз элим тынч болгула! Айла жок сабырдуулук менен женип атабыз биз деле!
+1
Store
2020-04-17 02:26:21
Мигранттар Крга которгон акчаларыңарды милдет кыла бербегилечи, эгер силер которбой койсоңор эле Крнын бюджети куурап калгандай док урунасыңарго. Силер которбой койсоңор деле бюджеттин күнү өтө берет, башка варианттар ачылып айтор казына бөскөрбөйт.
+1
aliya-leyla
2020-04-17 08:04:25
Сабыр кылса болмок, куйоосу ооруп атса озу дары ичип. Бала-чакасы жок бекен? Аларды ойлобойбу? Дары ичип эми организм олду да тируу калса да, азабын омур бою тартат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан